Кырсыкка кабылган Бишкек-Тегеран каттамындагы учакта Кыргыз жарандары болгон эмес. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
"Iran Air Force" авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing 707-300 учагы 13-январь күнү 23:10до Тегеран шаарынан Бишкек шаарына келип, 14-январда 07:16да Карадж шаарына учуп кеткен.
16 экипаж кызматкеринин арасында Кыргыз жарандары болгон эмес. Учакта 30 тонна эт жүктөлгөн", - деди басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, Бишкектен чыккан Boeing 707 учагы экипаж мүчөлөрү менен кошо Тегеран шаарынын четинде кырсыкка кабылганы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.
"Манас" аэропортунун маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктап, учак ирандык авиакомпанияга таандык экенин кошумчалаган.