2007-жылы Бишкектеги филармонияны оңдоп-түзөөдө 100 миң доллар уурдалганы белгилүү болду

ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы ири суммадагы коррупциялык иштин бетин ачты. ИИМдин билдиришинче, 2007-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония оңдоп-түзөөдөн өтүп, ага мамбюджеттен 42 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Филармониянын жооптуу кызматкери курулуш-монтаждоо ишин жүргүзгөн компанияларга берилген акчанын суммасын документке көбөйтүп жазып, 4 миллион 416 миң сомду өз чөнтөгүнө салган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lion-x
2013-07-19 13:13:14
Анча 100 мин алып баштарына мууз чыктыбы, эмнеге мынча коп акчаныы уурдашты??? Жазалаш керек аларды катууу жазалаш керек 100 мин доллар деген оной акча эмес
0
dinka.vip777
2013-07-19 13:23:39
Мындайлар толтура ушинтип иш козголот анан аягына чыкбайт.
0
moskva88
2013-07-19 13:26:09
Контроль жок да,мамлекет акчаны болот булар жейт
0
beka88
2013-07-20 09:12:02
ошол акчаны баары жешет,мага да чотур чыгар деген анан чыгарбай койду эле эми чукуп чыкты да бирооу,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан