Токмокто контейнерден өрт чыгып, ичиндеги 1 тонна бензин жана жылытуучу газ мештери күйүп кетти

Токмок шаарында контейнерден өрт чыгып, ичиндеги 1 тонна бензин жана жылытуучу газ мештери күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 13-январь күнү кечинде аталган шаардагы Совет жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир контейнерден өрт чыккан. Өрттүн келип чыгуусунан контейнердин ичиндеги 1 тонна бензин, 50 даана жылытуучу газ мештери да күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Айрым маалыматтарга караганда, андагы күйүүчү майлар мыйзамсыз түрдө сатылып келген.

Токмокто ичинде 1 тонна бензин жана жылытуучу газ мештери турган контейнер күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан