2018-жылы өлкөнүн туристтик аймагы катары саналган Ысык-Көл облусу боюнча 361 жол кырсыгы катталган. Кырсыктардын кесепетинен 82 адам набыт болсо, 682 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
"2017-жылга салыштырмалуу облус боюнча жол кырсыктары 88 окуяга аз болгон. Ал эми каза болгондордун саны 121ден 82ге азайды. Жаракат алгандардын саны 112 адамга азайган. Балдардын катышуусундагы кырсыктар боюнча 2018-жылы 81 окуя катталган. Ал эми алардын ичинен жаракат алгандардын саны 98ди түзсө, каза болгон балдардын саны 8. Кырсыктардын көпчүлүгү тийиштүү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыккан.
Жол кыймылынын тартибин бузган айдоочуларга инспекторлор тарабынан былтыркы жылы 63 265 административдик протокол түзүлгөн. Алардын 1310у мас абалында унаа башкарган айдоочуларга түзүлгөн. Жол эрежелерин бузуудан улам алынган айып пулдун саны 135 миң 700 сомду түзгөн", - деп билдирет басма сөз кызматы.