Ноокат районунун тургунун 48 миң сом карызы үчүн бутка атып кетишти. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Жеңиш Аширбаев кабарлады.
Белгилүү болгондой, учурда шектүү катары 22 жана 23 жаштагы 3 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Бүгүн, 14-январь күнү саат 11:22де Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Гүлистан айыл аймагынын тургунун белгисиз адамдар сабап, бутка атып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында жабырлануучу 40 жаштагы Икрамжан аттуу жаран экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 3 тургуну кармалды. Алардын жанынан далил зат катары ИЖ-17 үлгүсүндөгү кыскартылып кесилген аңчылык мылтыгы жана узундугу 1 метр 10 сантиметрге жеткен 2 арматура табылып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жабырлануучу оор абалда аймактык ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучу шектүүлөргө 48 миң сом карыз болгон", - деди Аширбаев.
Басма сөз кызматкеринин маалыматына ылайык, окуя кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.