Жактоочулардын баары эмне үчүн иш Биринчи Май райондук сотуна эмес, Октябрь райондук сотуна берилип кеткенине кызыгышты. Ибраимовдун ишинде жалпы 9 айыпталуучу бар, алардын арасынан Ибраимовдон башкасынын баары үй камагында.
Ишти карап жаткан судья соттук иш 28-декабрда прокуратурадан келип түшкөнүн маалымдап, жактоочулар андан кабардар болуп турушу керек болгонун айтты. Жактоочулар судьянын которулганын кечээ, 14-январда гана билишкенин айтышты.
Бүгүнкү отурумда уюштуруу маселелери каралып, судья ишти дүйшөмбү жана шаршемби күндөргө белгиледи.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.