Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган православдар мүрзөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ананьево айылынын тургуну Зоя Студеникина бүгүн, 15-январда кабарлады.
Анын айтымында, мүрзөнү калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү тургундарга Бишкек, Каракол шаарларынын жашоочулары жардамга келишкен.
"Көрүстөндү калыбына келтирүү иштери азыр да уланып жатат. Талкаланган 48 жыгач эстелик оңдолуп ордуна коюлду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да колунан келген жардамын көрсөтүүдө. Учурда жарабай калган эстеликтердин ордуна жаңылары жасалып жатат", - деди Студеникина.
Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы азырынча мүрзөнү талкалагандар табыла электигин белгилеп, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, белгисиз адамдар Ананьево айылындагы проваславдардын мүрзөсүнүн тосмолорун, көрүстөндөгү эстеликтерди, белгилерди сындырып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкен. Жергиликтүү тургундар көрүстөндүн талкаланганын 11-январь күнү кечинде байкашкан.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырган.