Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылында турак үйдөгү жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнүн кесепетинен үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрт кырсыгы 14-январь күнү саат 14:27 чамасында болгон. Өчүрүүгө 2 бөлүм барып, өрт саат 14:54тө чектөөгө алынып, 15:38де толук өчүрүлгөн. "Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн болгон. Ошондуктан адистер кыш мезгилинде меш менен морлорду пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоону эскертишет", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.