Орусияда кыргыз мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү

Орусиянын аймагында кылмыштарды жасап, Кыргыз жарандарын тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, алардын башында “Смотрящий” каймана аты менен таанылган Ош облусунун 32 жаштагы Р.М. аттуу тургуну турган.

"2018-жылдын июль айында Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн адамдардын тобу өз мекендештерине карата кылмыштарды жасап жүргөндүктөрү боюнча маалымат түшкөн. Кийин ага тиешеси бар адамдардын аты-жөнү такталып, башында “Смотрящий” деген каймана аты бар Р.М. аттуу адам турары маалым болгон. Ал адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда туруп, жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн. Тактап айтканда, 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкектеги Ленин районунун аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. 11-январь күнү аталган топтун мүчөлөрү жана лидери Р.М. кармалган", - деп билдиришти ИИМден.

Кийинки тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бир катар кылмыш иштерге тиешеси бардыгы аныкталып, Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголгон.

Аларга күнөө тагылып, баары Москва шаардык полициясы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы жана аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталууда. Ошондой эле кармалгандарды Кыргыз жерине экстрадициялоо боюнча маселелер каралып жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bond02
2019-01-15 14:29:52
Колундан келсе башка улуттун балдарын тонобойсунбу кучун ашып жатса, оз мекендештерине тийишпей.
+13
nazi25
2019-01-15 17:51:48
bond02,башка улутту деле тонобосун,кыргызды уятка калтырып.
+4
ninja82
2019-01-15 15:11:36
эмнеси смотрящий десен ушунун. арам тамак.
+8
Take_men
2019-01-15 15:17:48
Максимальный срок бериш керек. Ушулар күйгүздү...
+5
Дарыгер
2019-01-15 15:32:39
Паразиты. Кыргызстанга экстрадицияласа ал жактан эрте эле чыгып калат. Москвада каматып салыш керек узакка
+7
tyrgon
2019-01-15 15:44:49
Смотрящий да озунун жердештерин да тонойбу? Чоолор да чоого кол салбайт хуже чоого анда бу
+4
Rifle_I
2019-01-15 16:26:01
Ска, бударды донор кылыш керек. Азыр бөйрөк боорго муктаж адамдар көп .
+8
al-abu-kinesz
2019-01-16 08:02:28
Rifle_I, Сонун идея ошондой закон кирсе кош колдоп колдомокпуз!
+1
warcaw
2019-01-15 16:28:51
Лөлүдөн, баатыр чыкса өз элин чабат деген ушуга окшогондорго айтылса керек...
+5
Bekturbek
2019-01-15 16:45:58
Ушундайларга Мыйзам кабыл алып,атып салыш керек!!!Ошондо эчким ушундай иш жасабайт.
+4
rususu
2019-01-15 16:58:26
Мен Кыргызстанга кете албай журсом,бул тоном журот го,
0
talaa11
2019-01-16 00:40:55
Белин сындыра чапса ушундай оз Элин тоногон акмактарды
0
bektemiroff994
2019-01-16 03:01:30
Албетте башка олконун жарандарын тоной албайт, жыртып коюшат алардын да смотряющийлери
-1
al-abu-kinesz
2019-01-16 08:04:52
Уйдо баатыр жоодо жок дейт мындайларды. Башка смотрящийлердин алдында булар мышык болуп калышат.
0
Nurgazy80
2019-01-16 10:30:41
Р.М десе Раим Матраимов экен депмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан