26 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес 5 айдан бери алгачкы ирет социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөт жүктөдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Селена Гомес социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөтүн жүктөп, күйөрмандарын Жаңы жылы менен куттуктап, колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирген. Ырчынын виртуалдуу жашоого кайтып келиши күйөрмандарын кубанткан. Ырчынын билдирүүсүнүн алдына "Биздин ханышабыз кайтып келди!", "Биз сени абдан сагындык!" деген сыяктуу пикирлер жазылган. Ал эми сүрөткө 1 күндүн ичинде 6 миллионго жакын "жакты" белгиси коюлган.
Ырчы 2018-жылдын август айында акыркы ирет сүрөт жүктөп, мындан ары социалдык тармактардан алыс болорун билдирген эле. Ал мындай кадамга негативдүү билдирүүлөрдөн алыстоо үчүн барган.