Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун "Тез жардам" бөлүмүнө 2019-жылдын 1-январынан 15-январына чейин тоодо эс алгандардын ичинен түрдүү жаракат алып 78 адам түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган бөлүмдүн жетекчиси Талант Сарымсаков билдирди.
Жетекчинин маалыматы боюнча жаракат алгандардын көбү лыжа, сноуборд, чана, баллон тээп эс алуу үчүн баргандар болгон. 58ине амбулатордук дарылануу сунушталган, 20сы дарылануу үчүн жаткырылган. 78 адамдын ичинен үчөө лыжа тээп, калганы клеёнка жана баллон менен муз тээп жаракат алгандар. Арасында белин, жамбашын, бутун, куймулчагын сындыргандар бар. Аларга операция ыкмасы менен дарылануу сунушталган.
"Баллон менен жылгаяк теппегиле, кырсыкка кабылуу коркунучу чоң. Аны башкарууга, токтотууга мүмкүн эмес", - деп эскертет Сарымсаков.