14-январь күнү Орусиянын Рязань облусунда Газель-Валдай жана Жигули унаасы кагыша кетип, эки Кыргыз жараны жаракат алды.
Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаракат алгандар бир туугандар. Жигули унаасын 23 жаштагы А. У. аттуу Кыргыз жараны айдап бараткан. Ал кырсыктан башынан жаракат алып, аймактагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, абалы оор болууда. Анын жанында бараткан бир тууганы колунан жаракат алган.
Учурда полиция кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүү тарапка чара көрүлөт.