SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добуш алган клип сынактан четтетилип, анын ордун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" анимациялык клиби толуктады. Кыргыз шоу-бизнесинде алгачкылардан болуп анимациялык клип тарттырган ырчы тартуу иштерине көп убакыт жана каражат кеткенин айтып, буларга токтолду.
"Жаңы клибимдин башка клиптерден айырмачылыгы - анын анимациялык экендигинде. Айта кетчү маанилүү нерсе, бул клипти кыргыз жигиттери тартышты. Аларга абдан ыраазымын. Себеби 3 мүнөттүк клипке 3-4 айлык убактысын кетиришти. Кыргыз элинин баалуулуктары болгон боз үй, комузду жана жерибиздин кооздугун сүйүү темасы менен айкалыштырып заманбап анимациялык клип тарттык. Андан сырткары бул клипте жубайым Мээрим (ред. Төлепберген) экөөбүз баш каарман болдук", - дейт ал.
9-ЯНВАРДАН 16-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - "60`К" тобунун "Мерез жүрөк" видеоклиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" чыгармасы жайгашкан.
8-орун - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" видеоклибине буюрган.
7-орунду - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы чыгармасы камсыздаган.
6-орунда - Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" видеокомпозициясы жайгашкан.
5-орунду - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" чыгармасы ээлеген.
4-орун - Анжеликанын "Назданып" видеоклибине буюрган.
3-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нияз Абдыразаковдун "Досума" клибине буюрган.
2-орунду - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" чыгармасы камсыздаган.
1-орун - Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.