Америкалык белгилүү модель Ким Кардашьян менен анын жолдошу Канье Уэст төртүнчү ирет балалуу болушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар моделдин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.
Белгилүү болгондой, Ким Кардашьян карын эне төрөй турган 4-наристесин күтүп жатат. Ал бул тууралуу ток-шоуго келгенде айтып, ал тургай баласынын жынысын дагы ачыкка чыгарган.
"Биздин төртүнчү балабыз уул болот. Биз аябай толкунданып жатабыз. Үй-бүлөбүздө толуктоо болору тууралуу маалымат бергим келген эмес. Бирок Рождество майрамында ашыкча шарап ичип алып, тааныштарыма айтып алыптырмын. Азыр кимге айтканымды эстей албайм. Анткени алкоголдук ичимдиктерди көп иче бербейм", - деген ал.
Ким Кардашьян менен Канье Уэст 2018-жылы 15-январда кыздуу болушкан. Кызды түгөйлөр тарабынан жалданган карын эне төрөгөн. Ким Кардашьян менен Канье Уэст карын эне жалдаган компанияга 68 миӊ 850 доллар, карын энеге 45 миң доллар төлөй турганын ачыкташкан. Түгөйлөрдүн Норт аттуу кызы жана Сэйнт деген уулу бар. Кардашьян экинчи баласын төрөгөн соң дарыгерлер мындан кийинки бойго бүтүү ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин айтышкан.