Орусиянын Ростов облусунда көп кабаттуу үйдө газ жарылган кырсыктан каза болгондордун саны 5ке жетти. Буга чейин белгилүү болгондой, бул кырсыктан 1 адам каза болуп, дагы 4 адам дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу маалыматтарды орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, кырсык Ростов облусунун Шахты шаарында 14-январь күнү эртең менен 9 кабаттуу үйдө орун алган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматтын өкүлү билдиргендей, куткаруучулар бүгүн, 16-январда дайынсыз болуп жаткан 4 адамдын акыркысынын сөөгүн урандылар алдынан таап чыгышкан. Ушуну менен издөө иштери соңуна чыкты.
Айта кетсек, жарылуудан жабыркаган батирлерде 12 адам жашап келген. Алардын ичинен 7 адам куткарылып, бир адам каза болгон. Каза болгон аял 9-кабатта жашап келген, аны менен бирге күйөөсү жана баласы болгон. 9-кабатта жашаган дагы бир аял, ошондой эле 8-кабатта жашаган 3 адам дайынсыз болуп жатышкан. Андан сырткары дагы 5 адам куткарылган.