21-25-июль күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында футбол боюнча “Келечек кубогу” аттуу республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти. Анда Кыргызстандын бардык облустарынан чогулган 2002-жылы туулган футболчулар беттеш өткөрөт. Бул мелдеш жаштарды сергек жашоого үндөө максатында уюштурулууда.