Орусиялык модель жана телеалпаруучу Виктория Лопырёва өзүнүн эң жакын курбу кызынын жолдошу менен мамиле куруп кеткени орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Лопырёва жогорудагы окуядан мурун ырчы Николай Басковго турмушка чыгууга даярданып жаткан. Ал эми анын курбу кызынын жолдошун тартып алуусу ызы-чуунун башкы каарманына айлануусуна себеп болду.
Учурда жолдошунан ажыраган олигарх Самвел Карапетян Татевиктин кызы Тата Карапетян жолдошу Игорь Булатов менен курбу кызынын бул саткынчылыгынан кийин алар менен бардык байланыштарды үзгөн. Ал учурда жолдошунан кош бойлуу.
Азыркы тапта Виктория Лопырёва сүйүктүү мырзасы менен Майамиде эс алып жүрөт. Бирок алар официалдуу түрдө баш кошуша элек. Телеалпаруучу өзүнүн жеке баракчасына "биринчи наристебизди күтүп жаткандыктан сүйүктүүм мага абдан кам көрүп жатат" деп жазган. Бирок курсагындагы бала кимден экени белгисиз.