Ош шаарындагы Гүлбаар-Тѳлѳйкѳн айылынын 14 жаштагы тургуну асынып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, шаардык милицияга 15-январь күнү саат 19:25 чамасында 2005-жылы туулган бала өз үйүнүн сарайында чөп боологон жипке асынып алгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБи тарабынан алгачкы текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйналган материалдар Ош ШИИБинин кылмыштардын, жазалардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен катталды.
"Тергөө амалдарынын алгачкы маалыматтарына караганда, 2005-жылы туулган маркум Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган. Буга чейин кѳзүнѳ кандайдыр бир караандар кѳрүнүп жаткандыгын ата-энесине айткан. Бирок ата-энеси маани берген эмес", - деп билдиришти милициядан.