Бүгүн, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өтүп жаткан митингде милиция кызматкерлери журналистти кармап кетишти. Милиция тарабынан кармалып, автобуска салынып кеткен журналист "Некст ТВ" каналында иштейт.
Маалыматты аталган каналдын өкүлү тастыктады. Айтымында, аянтта журналист оператор менен чогуу иштеп жүргөн. Бул учурда милиция журналистти кармап кетип, оператор аянтта калган. "Азырынча журналисттин" эмне себептен кармалганы белгисиз", - деди ал.