Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева социалдык тармактагы жеке баракчасына ден соолугуна байланыштуу толуп кеткендиги тууралуу билдирүү жазды. Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн ырчынын өзүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"Ден соолугума байланыштуу катуу толуп кеткен элем. Эмне оору экенин ачык айтпай эле коёюн. Мурда 48 килограмм болсом, азыр 63 килограмм чыгып калгам. Учурда калыбыма келүү максатында машыгуу залына барып, машыктыруучумдун кеңеши боюнча тамактанып жаткан кезим", - дейт ырчы.