ЭЛДИК КАБАР: "Лейлекте унаа 30 метр бийиктиктен кулап, ичиндеги 3 адам тең аман калды" дейт окурман

Лейлек районунун Интернационал-Кайрагач унаа жолунда Жигули унаасы 30 метр бийиктиктен төмөнгө кулап түштү. Мындай маалыматты окурман SUPER.KG порталына билдирип, унаанын ичинде 3 жүргүнчү бар экенин, алар аман калганын белгиледи.

Анын билдирүүсүнө ылайык, кырсык бүгүн, 17-январда болгон. Унаа такси кызматын көрсөткөндүктөн ичинде айдоочу менен чогуу 2 жүргүнчү келе жаткан.

"Бактыга жараша, Кудайдын колдоосу менен, ушундай бийик жерден куласа да баары аман калышты. Өтө оор эмес жаракаттарды алышкан, жабырланган адамдарды аймактык ооруканага жеткиришти. Кырсыктын себеби белгисиз. Жүргүнчүлөрдүн бири кош бойлуу аял деп айтылууда", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-01-17 20:22:43
Кулабаса деле бул машиналардын эскилиги жетти да, таксиге чыгарбаш керек.
-12
Nevestkaa
2019-01-17 21:10:43
Кудайым чооооң сактаптыр.Ичээр сууңар түгөнө элек экен да.Машина жарактан чыгыптыр,адамдар өтө оор эмес жаракат алса кудайдын колдогону ушул да.
+9
Gulnyr19
2019-01-17 22:22:58
Аллахым сактаганы чын болсун
+1
Aikaaaa
2019-01-17 22:35:11
Кайсы бийиктиктен кулаганын тартып койсоңор болмок экен
+2
safia2012
2019-01-18 09:39:16
Бул да болсо Аллахымдын кудуретидир.Аман калган адамдардын омурлору узуун болсун.
0
kechirmeni
2019-01-18 09:57:34
Кудайга шугур, таксистти такалашат экен да патентин кана деп, жигули не болсо да союздун машинасы иномаркадан бышык да, темирлери калыныраак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан