Казакстанда тик учак кулап, учкучу каза болду

Кечээ, 17-январда Алматы шаарына жакын жерде "Sky service" компаниясына таандык 4 орундуу тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкучу "Тез жардам" унаасында көз жумган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 4тө катталган. Учактын бортунда бир гана учкуч командир Валентин Шитов болгон.

Жарандык авиация комитетинин маалыматына ылайык, Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан. Ал учурда туман түшүп, 500-600 метрге чейин жакшы көрүүнү төмөндөткөн.

Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kattaldym
2019-01-18 08:49:23
Учакчын бортунда
-1
safia2012
2019-01-18 09:41:53
Жайы жаннатта болсун.Акыркти абат болсун.Аллахым билип билбей кылган куноолору болсо кечирсин.Кабыр азабынан сактасын.Тозогунан сактасын.
+3
Feliks-ashan
2019-01-18 09:53:55
Ушундай тик учак кулады дегендерди окууп журогум зырпылдайт самолетко тушсом эле кулап кетчуудоймун
+1
taalay25
2019-01-18 10:00:58
Feliks-ashan,АвиаТраффик же Пегасустун самолётуна отурсан которулгондо калтырып титиреп, шалдырап калдырап аран которулот го))
+3
Modric10
2019-01-19 13:48:46
Озу эле болсо уктап кетти окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан