Испания: Мелдеште 20 мүнөттө 6 литр сыра ичем деп бир адам каза болду

Испанияда майрамдардын бириндеги сынакта 20 мүнөттүн ичинде 6 литр сыра ичкен адам, күтүүсүз каза тапты. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, майрамдык сейилдөө Мурсия провинциясындагы Хеа-и-Труйольс кыштагында өткөн. Мурсия шаарындагы ооруканалардын биринин күзөтчүсү сыра ичүү сынагына катышып көрүүнү чечип, жыйынтыгында жеңүүчү болду. Сынактын шарты - 20 мүнөт токтобой сыра ичүү болгон. Ар ким алынын жетишинче сыра ичишти, 45 жаштагы күзөтчү 6 литрди түгөткөн. Ичип болгон соң ал дароо өзүн жаман сезип баштаган. "Ал отурган отургучтан чалкалай баштаганда, мен жана жанымда турган бир нече адам кулатпай кармап калдык",- деп билдирди окуянын күбөсү. Тез жардам аркылуу ооруканага жеткиче анын жүрөгү токтоп калды, өлүмдүн себебин полиция иликтөөдө. Ал эми майрам белгиленип жаткан аймакта 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.  

Айта кетсек, мындай окуя Испанияда биринчи болуп жаткан жок. 2008-жылы "Ким көп ичет?" аттуу сынакка катышкан 22 жаштагы студент жарым литр күчтүү алкогол ичимдигин ичүүдөн улам көз жумган. 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kaitpas
2013-07-20 11:12:53
"Сынагынар менен жерге киргирлер" болуптур да байкуш. Эми наркы дуйного мас болуп барат экен да.
0
antivir
2013-07-20 13:16:19
кызык бизден катышса женишсе керек?..
0
PROS
2013-07-20 15:42:15
Кыргыздын ашказанындай ашказан жок болсо керек, ааламда? Баарын батыра берет го биздин курсактар.
0
talgat97
2013-07-20 15:56:10
Кыргыздар 6 литр эмес 60 литрдида батырат
+1
fanat.kg
2013-07-20 16:25:00
Сыра эмне
-2
antivir
2013-07-21 01:54:47
fanat.kg, Сыра - Пиво
0
Shai
2013-07-20 17:18:50
Кыргызстанда да ошондой мелдештер болуп калат эми. Кыргыздар биз укканды жасайбызго боло берет экен деп. Бирок байкуш Испандын жайын жаннатта болсун деп калабыз.
0
aibi8984
2013-07-20 17:22:45
тоообоо
0
blak.star.kg
2013-07-20 17:48:56
Оххоо! Малодец экен!
0
Zarema94
2013-07-20 21:14:26
сыра-пиво
0
vangolu
2013-07-21 17:15:29
мен деле ичип коймокмун.20 мунот дебейли бирок 35-40 мунутто
0
zhorobekt
2013-07-21 17:55:47
Аш болсун, жайлуу болсун!
-1
altysha.kg
2013-07-21 19:47:47
Астагфируллох мындай олумдон Аллахым сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан