Бишкекте 8-класстын окуучусун унаа сүзүп кетти. Окуучу кыз ооруканада

Бишкекте бүгүн, 18-январда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 15 жаштагы окуучу кызды унаа сүзүп кетти. Маалыматты Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кырсык Койбагаров-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Таңкы саат 7:40та жөө адамдар өтүүчү өтмөк менен жолду кесип өтүп бараткан 2003-жылы туулган окуучу кызды Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Кызды бир нече жаракаттары менен №3 балдар ооруканасына алып кетишкен. Ал эми айдоочу эч жакка качкан эмес. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү документтер топтолууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
faraon312
2019-01-18 15:03:07
Штраф көбөйгөнү менен пайда жок болуп атат. Көп айдоочулар билбейт жол эрежесин.. Эртерээк сакайып кетсин жеткинчек.
+3
BoDiNur
2019-01-18 18:46:20
faraon312,штраф кобойушу мн эртеси куну жыйынтык чыгып кетпейт, акырындан болот баары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан