"Дарак ыры" тасмасы Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Гран-Прини жеңип алды

Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарында өткөн 17-эл аралык "Rainbow" уюму тарабынан уюштурулган кинофестивалда "Азиялык тасмалар" номинациясына көрсөтүлгөн "Дарак ыры" тасмасы Гран-Приге ээ болду. Ал эми аталган тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков жеңүүчү болгонун социалдык тармактан билгенин айтып, буларга токтолду.

"Тасманын баш байгеге ээ болгонун социалдык тармактардан окудум. Тартуучу топ дагы аябай кубанып жатат. Сыйлык катары статуэтка, диплом берилет экен.

Аталган кинофестивалдагы тасмаларды көрүү үчүн чет өлкөлүк продюсерлер жана кино сынчылар келген. Алардын арасынан "Дарак ыры" тасмабызды франциялык продюсер абдан жактырып калыптыр. Ал мага "кийинки тарта турган тасмаңа продюсер болом, сценарийиңди жөнөт" деп кат жибериптир. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чет өлкөлүк продюсерлердин кыргыз тасмаларын жактырып, биз менен иштешүүгө даяр экендигин мен үчүн чоң сыймык", - дейт ал.

17-эл аралык кинофестивалга 72 мамлекеттен 220 тасма катышкан. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан 5 тасма көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, "Дарак ыры" тасмасы 9-13-январь аралыгында АКШнын Калифорния штатында өткөн "Палм Спрингс" кинофестивалында көрсөтүлүп, мактоого арзыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jyna
2019-01-19 14:23:15
Сонун жаңылык ишиңерге ийгилик тарбиялык маанидеги көптөгөн маани маңыздуу кинолорду тарта бергиле.
+3
Alia82
2019-01-19 15:55:38
Мен да сыймыктандым окуп алып, ийгилик!!!
+2
altyn2015
2019-01-19 15:56:22
Ишинерге ийгилик!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан