Ашыкча салмактан арылгысы келбеген америкалык актриса Кирстен Данст 10 миллион доллар гонорардан баш тартууда

Америкалык актриса, ырчы, модель Кирстен Данст 10 миллион доллар гонорардан баш тартууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, "Ийгиликке жет!" комедиясынын уландысын тартуу үчүн режиссёрлор актрисага 10 миллион доллар өлчөмүндөгү гонорар сунуштаган. Бирок актриса мындай сунушка макулдугун бере электигин анын жакындары билдирген.

"Кирстен Данст тасмага тартылуу боюнча сунушка жооп бербей, убакытты созуп жатат. Анткени ал 8 ай мурда балалуу болуп, ашыкча салмак кошуп алган. Азыр ал спорт менен машыгып, үнөмдөп тамак жеп, ашыкча салмактан арылууга аракет кылган жок. Себеби Данст спортту жаман көрөт", - деп билдирген.

2000-жылы экранга чыккан "Ийгиликке жет!" тасмасында Кирстен Данст башкы каармандын ролун жараткан.

Кирстен Данст 2017-жылы актёр Жесси Племонско турмушка чыгып, түгөйлөр 2018-жылы уулдуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ziash85
2019-01-19 11:35:22
Ашыкча салмактын пайдасы жок ,акча табуу шылтоосу менен арыктап албайбы десең.спорт жакшы да
+5
Dalil
2019-01-19 11:58:12
Арыктайбы семиреби ал ар кимдин өзүнүн укугу. Туура эле кылат.
+7
Pchelka85
2019-01-19 12:03:22
Кристен Данст ырчы экенин билбептирмин.. кандай ырлары бар бул актрисанын?
0
bond02
2019-01-19 12:06:14
Эми 10млн долларды эстей берип арыктайсын.
+6
zhykyo
2019-01-19 12:25:55
Биз жака алып келип бироого сунуштаса которум болуп калгычакты арыктап салмак болуш керек
+6
baisogur
2019-01-19 12:28:20
zhykyo,))комик экенсин
0
Take_men
2019-01-19 18:13:56
zhykyo, хе хе мага 10 млн эмес 10 миң эле берсинчи 105 тен 60 кг га 2 жумада эле түшөт элем
+2
Ali-han
2019-01-19 21:48:07
Уххххх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан