Индонезияда жубайы күйөөсүнө бензин чачып өрттөп, ал каза болду

Индонезияда аялы күйөөсүнө бензин чачып өрттөп, ал каза болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, түгөйлөр ортосунда уруш чыккан.

Белгилүү болгондой, жубайы күйөөсүнө уюлдук телефондун сыр сөзүн айтып, блоктон чыгарып берүүсүн өтүнгөн. Бирок жолдошу жубайынын суранычын аткарбай, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Ачууланган аялы жакын жердеги бензинди алып күйөөсүнө чачып өрттөп жиберген. Окуянын күбөсү күйүп жаткан адамга жардам берип, "Тез жардам" кызматын чакырган. Бирок денесинен күйүк алган жарандын жаракаты оор болгондуктан ал 2 күндөн кийин каза болгон.

Ал эми каза болгон жарандын жубайы камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2019-01-19 17:24:29
Көзү ачыктар жазгыла ... күйөөсүнүн ойношун билип калган ж.б
-10
zhykyo
2019-01-19 17:44:28
mirlanpiter,озундун козун ачык экен билип коюпсун
-5
Kaninaiman
2019-01-19 22:23:26
Ээх телефон кичинелерди эле эмес чондорду да жинди кылмай болдугоооо...
+2
bazar
2019-01-19 22:37:29
Катындар парол сураганда сразым айтыш керек болуп калды окшойт э?
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан