Чүй облусунун Панфилов районунда 3 баласын жалгыз тарбиялап келген аял курбусунун 2 жаштагы уулунун өлүмүнө байланыштуу камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 2018-жылдын 28-ноябрында Панфилов райондук ооруканасына эки жаштагы бала эс-учун жоготкон абалда алынып келип, бир аптадан кийин чарчап калган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.
Милициянын ошол учурда берген маалыматына караганда, баланын апасы 2018-жылдын ноябрь айында Орусияга кетип, баланы 32 жаштагы Э.С. аттуу курбусуна таштап кеткен. Ал аял бала керебеттен түшүп эс-учун жоготуп койгонун айтып берген.
"Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала денесине келтирилген оор жаракаттан улам каза болгону аныкталган. Козголгон кылмыш иштин алкагында Э.С. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган аялдын баш коргоо чарасы Панфилов райондук сотунда каралып камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.