Орусиялык белгилүү ырчы Лолита Милявская карызын төлөбөгөнү үчүн сот залына барат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчынын үстүнөн жазылган арыз 15-январда келип түшкөн.
Белгилүү болгондой, "Большие Каменщики" уюму Лолита Милявскаядан 760 миң рубль акча талап кылууда. Анткени ырчы 2014-жылдын апрель айынан 2016-жылдын январь айына чейин коммуналдык кызматтар үчүн акча төлөбөгөндүктөн карызы 609 миң 842 рублга жеткен. Мындан улам анын тууму да көбөйүп, жалпысынан карыздын суммасы 760 миң рублга жеткен.
Буга чейин ырчы "Таганская площадь" бирикмеси менен дагы соттошкон.