Украинанын Эл артисти Ани Лорак жолдошу Мурат Налчаджиоглу менен ажырашары маалым болду. Бул тууралуу Украинанын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, ажырашуу тууралуу арызды ырчы айым 2018-жылы жазган. Ажырашууга Налчаджиоглунун Лорактын көзүнө чөп салгандыгы себеп болууда деген кептер тараган. Жубайлар 2009-жылы баш кошушкан. Экөөнүн 7 жаштагы кызы бар. Жубайлар ажырашкандан кийин кызы кимдин колунда калары азырынча белгисиз.
Ал эми соттук отурумдун биринчи күнү 31-январда саат 11:00гө дайындалган. Эгерде эки тарап тең ажырашууга макулдугун беришсе, Ани Лорак февраль айынан тарта башы бош айымдардын катарын толуктап калат.