Казакстандык муз үстүндөгү бийчи Денис Тенди өлтүргөндөр 18 жылга эркинен ажыратылды

Казакстандын белгилүү муз үстүндөгү бийчиси Денис Тенди өлтүргөндөр 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Муз үстүндө бийлөө боюнча белгилүү спортчу Денис Тендин өлүмүнө айыпталган Арман Кудайбергенов жана Нуралы Киясовдун күнөөсү толугу менен далилденди. Сот аларды 18 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи, "Сочи-2014" Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тен 2018-жылдын 19-июлунда киши колдуу каза болгон. Белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгү уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин жамбаш жагына бычак сайган. Ал Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай 25 жаш курагында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arena2014
2019-01-21 11:32:25
118 жылга ажыратыш керек эле
+2
ainura220888
2019-01-21 22:26:17
Казактар норма эле олгондоюн адамдын баары бирдей дешет тобоо. Интервьюларын коруп эле кандай адам экенин билдим чын эле 118жыл берседа кем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан