Ысык-Көл облусунда өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду

Өрттүн кесепетинен Ысык-Көл облусундагы Түп районунда 2 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя 19-июлдан 20-июлга караган түнү аталган райондун Гагарин көчөсүндө болгон. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү 2 саат убакытта өчүрүп бүтүшкөн. Күйүп кеткен үйдөн 1939-жылы туулган үй ээси Михаил Десятниковдун жана анын уулу 1970-жылы туулган Виталийдин жансыз денесин табышкан. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кырсык спирт ичимдиктерин ичүү убагында тамекини өчүрбөй коюудан улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан