2013-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 4,4 пайызга азайган
2013-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда
кылмыштуулуктун саны 4,4 пайызга азайганын Башкы прокуратуранын басма сөз
кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 6 айда 14 029 кылмыш иши катталган. Ал эми
былтыркы жылдын ушул убагында 14 651 кылмыш катталган. Маалыматка ылайык, жыл
башынан бери айымдар тарабынан жасалган кылмыштар 5,7 пайызга азайган. Ошондой
эле Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Талас облустарында кылмыштуулуктун саны азайган.