Нарын районунда 20-июль күнү саат 18:45те Орток айыл аймагында Москвич-ИЖ-412 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жол четинен аласалып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат менен Нарын облустук ооруканасына жаткырылган. Окуя болгон жерге ӨКМнын Нарын шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышып, каза болгон айдоочу Нарын районунун Дөбөлү айылынын тургуну, 1956-жылы туулган Айылчы Асековдун жана 1964-жылы туулган Ч.Инин сөөктөрүн унаанын ичинен чыгарып, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.