Ошто жер титиреди

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 21-январда, саат 15:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

"Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан