Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды

Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык Октябрь районунда 21-июлда саат 23:45 чамасында болгон. Ибраимов көчөсүндө Мерседес 500 үлгүсүндөгү унаа менен Toiotа үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, 1992-жылы туулган И.А.Ли каза болуп, 1986-жылы туулган И.Илохунов, 1991-жылы туулган М.Бадрездинов жана 1992-жылы туулган И.Фатахов жаракат алышты. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына, каза болгон адамдын сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан