Токтогул районунда 21-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын (сүрөттө уулу менен) кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылды. 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя саат 13:50 чамасында Чычкан капчыгайында болгон. 00 32 KG номурлуу Тойота Камри унаасы менен Бишкек тараптан бара жаткан Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Тойотанын айдоочусу 1984-жылы туулган Мээримбек Нурдинов (аталган депутаттын уулу) жана Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну, 1959-жылы туулган Медербек Шакиев каза тапты. Ал эми 1989-жылы туулган Кызбурак Гаипкулова, 1990-жылы туулган Мээрим Токторбекова жана 1995-жылы туулган Дильяна Жунусова Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.