ЖЫЛНААМА, 22-ЯНВАРЬ: Сүйүктүү мырзасы бар туруп, тасмадагы өнөктөшү менен мамиле куруп кеткен тай актрисасы Кимберли Энн Волтемас 27 жашка толду

Бүгүн белгилүү таиланддык актриса жана модель Кимберли Энн Волтемас 27 жашка толду. Актриса 1992-жылы 22-январда Германияда төрөлгөн. Атасы немис, ал эми апасы тай улутунан. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Эки агасы жана бир эжеси бар.

Актриса болуу анын балалык кыялдарынын бири болгон. Чыгармачылыкта алгачкы кадамын 2009-жылы музыкалык видеолорго тартылып, модель болуудан баштаган. Ошол эле жылы "Нефрит булуттары" аттуу лакорнго (тай телесерилдары) тартылат.

Актриса 2014-жылы актёр жана модель Марк Прин Супарат менен "Согуш согуш менен, ал эми түшкү тамак убагы менен" аттуу лакорндо бирге тартылган. Аталган сериал ага атактуулукту алып келип, элдин сүймөнчүгүнө айланган. Жогорудагы лакорндон кийин күйөрмандары аларды эң жарашыктуу түгөйлөрдүн бири деп атап, алардын мамилеси боюнча түрдүү кептер тараган.

Мындан аз убакыт өтпөй Кимберли Энн Волтемас маектерини биринде Марк Прин Супарат менен жакын мамиледе экенин ачыктаган. Буга чейин эле экөө сүйүү мамилесинде экендиги айтылып, алардын социалдык тармактардан жазышкандары буга далил болгон. Муну актёрдун ошол учурдагы сүйүктүүсү Минт Чалида тараткан деген кептер айтылат. Себеби ал учурда Кимберли Энн Волтемас продюсер Жет Наттапон менен мамиледе болгон. Ошондон улам актёрлор көпкө чейин мамилесин ачыктабай жүрүшкөн.

Кимберли Энн Волтемас көрк кошкон лакорндор; "Эр жүрөк баатыр", "Жолборс", "Сүйүүнүн керемети", "Интернеттеги сүйүү" жана башкалар.

22-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2019-01-22 22:08:26
Инстаграмда каталгам. Бирок мен Марк менен Яя Урасая пара деп ойлойм. "Волны жизнидеги"
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан