"Бакай Банктын" интернет-банкинги - эсеп картаңызды, депозиттериңизди дистанциондук башкаруунун эң жөнөкөй жана ыңгайлуу жолу. Банк сунуштаган интернет-банкингди колдонуу үчүн сизге бир гана интернет керек. Интернет-банкинг аркылуу сиз дүйнөнүн каалаган жеринен картадагы акчаңызды, депозиттериңизди колдонууга, тагыраагы, коммуналдык кызматтардын акысын жана башка төлөмдөрдү ишке ашыра аласыз. Ишиңизди жеңилдеткен интернет-банкингге туташуу үчүн "Бакай Банктын" бардык аймактардагы кеңселерине кайрылсаңыз болот.
"Бакай Банктын" интернет-банкинги сизге мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири түрүн сунуштайт
- Өлкө ичиндеги банктык эсептерди ишке ашыруу;
- Клиринг системи аркылуу улуттук валюта менен төлөмдөрдү жүргүзүү;
- Гросс системи аркылуу улуттук валюта менен төлөмдөрдү ишке ашыруу;
- SWIFT системи аркылуу чет элдик валюта менен төлөмдөрдү ишке ашыруу;
- Валюталарды алмаштыруу;
- Эсеп боюнча маалыматтарды кароо: картадагы калган акчаны, 3 ай аралыгында канча акча чечилгенин;
- Төлөм кагаздарынын бардыгын текшерип туруу;
- Каталар тууралуу маалыматты тез арада алуу;
- Чегерилген жана толукталган сумма тууралуу маалыматтарды карап чыгуу же басып чыгаруу;
- Насыя төлөө, депозиттерди толуктоо.
Интернет-банкинг системине кошулуу үчүн www.bakaibank.kg сайтына кирип, жаңы системди колдонуу тууралуу инструкция менен таанышып, кеңири маалымат алсаңыз болот. Ал үчүн https://i.bakai.kg/ шилтемесин басуу жетиштүү. "Бакай Банк" сунуштаган жаңы систем банктык эсептерди аптанын каалаган күндөрү, сутканын каалаган саатында башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Баса, банктык эсебиңизди башкарууда кыргыз, орус жана англис тилдери сунушталат.
Интернет-банкинг системи менен юридикалык жана жеке жактар колдоно алышат.
Жеке жактар үчүн жаңы кызматты колдонуудагы тарифтер:
* Туташуу - акысыз;
* Кызматтарды сунуштоо - акысыз;
* Карталык эсептер операциясы - акысыз;
* Абоненттик төлөм - акысыз.
Юридикалык жактар үчүн кызматты колдонуудагы тарифтер:
* Туташуу - акысыз;
* Кызматтарды сунуштоо - акысыз;
* Абоненттик төлөм - акысыз.
"Бакай Банк" жаңы системдин кызматын пайдаланууда коомдук жайлардагы компьютерлерди колдонбоону эскертет. Компанияңыздын коопсуздугун жана персоналдык жоопкерчилигиңизди эске алыңыз.
Эгерде интернет-банкинг тууралуу суроолор болсо, анда бул номерлер аркылуу байланышыңыздар: 0 (312) 61-00-61, мобилдик телефондон: 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11, сайт: www.bakaibank.kg.
“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 70 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.