Бүгүн "Универсал" командасынын капитаны, "тамашоучу" Калыбек Турдубаев 28 жашка толду. Тамашоучу 1991-жылы 22-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган.
SUPER.KG порталы "тамашоучуну" туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда төмөндөгүлөргө токтолду.
"Туулган күндүк маанай жакшы. Күндөгүдөй эле үйдөгү чарба иштерин жана чыгармачылыктагы жумуштарды бүтүрүп жүрөм. Учурда ар тараптан куттуктоолор келип жатат. Кечкисин балдар менен бир жерге барып аш жасап отурабыз. Андан кийин үй-бүлөм менен белгилейм", - дейт ал.
Калыбек Турдубаев 2009-жылы Ош технология университетинин энергетика факультетине тапшырып, 2014-жылы аяктаган.
2016-жылы “Тамашоу” лигасынын SUPER.KG`нин кубогу үчүн өткөргөн оюнунда “Мыкты оюнчу” аталып, Бали аралына "Супер сулуу-2016" наамынын ээси Бактыгүл Орозбаева менен эс алууга барып келген.
Ал капитандык кылган "Универсал" командасы "Тамашоу" лигасынын 8-сезонунун чемпиону болсо, 2016-2017-жылдары "Ак калпак" кубогун 2 жолу жеңип алган.
"Универсал" командасынын жигиттери "Тамашоунун" 8-сезонунда чемпион аталсак, Калыбекти сөзсүз үйлөнтөбүз" деген сөзүнө турушуп, 2016-жылы сентябрь айында Урматжан аттуу кызга баш кошкон. Ал эми "No name" командасынын капитаны, актёр Мурат Жалиевди өкүл ата шайлаган.
Жубайлар 2017-жылы 14-июлда тун уулдуу болушса, 2018-жылдын 13-ноябрында экинчи ирет ата-эне бактысына ээ болушкан.
"Учурда "Универсал" командасындагы балдар менен күндө жолугуп, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүп турабыз. Балким, концерт коёбуз же скетч тартабыз. Азырынча так белгисиз", - деп акыркы жаңылыктары менен бөлүшө кетти.
22-январдын жылнаамасы.