Жогорку Кеңештин комитети өкмөткө жаңы кодекстердеги кемчиликтерди иштеп чыгууну тапшырды

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитети өкмөткө жаңы кодекстердеги кемчиликтерди иштеп чыгууну тапшырды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйынында жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын курамына өкмөт, Башкы прокуратуранын жана Жогорку Соттун өкүлдөрү кириши керектиги айтылды.

1-январда күчүнө кирген кодекстерди иштеп чыгуу үчүн өкмөткө 1-мартка чейин убакыт берилди. Алар Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан