25-28-июль күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 3 спортчуну машыктыруучу Нурлат Тахиров жетектеп барат. Спортчулар: 54 килограмм салмактагы 1996-жылы туулган Улукбек Жолдошбеков, 69 килограмм салмактагы 1996-жылы туулган Нарбек Изабеков жана 85 килограмм салмактагы 1997-жылы туулган Бексултан Султаналиев.