Рэп аткаруучу Добр 22-январда экинчи ирет ата макамына ээ болду. Ырчы мырзаны куттуктап ага байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
"Учурда жубайым Жибек менен кызымдын абалы жакшы. 4-төрөтканада саат 21:45те көз жарды. Салмагы 3 килограмм 300 грамм, ал эми бою 50 сантиметр экен. Кыздуу болгон сонун сезим экен. Ысымын буга чейин эле тандап койгонбуз, бирок азырынча айтпай турайын".
Эске салсак, рэпер мырза 2016-жылы 19-августта тун наристелүү болуп, ага Азирет деген ысым ыйгарышкан.