Москвада мекендештерине жасалма билет сатууга шектелген Кыргыз жараны кармалды

Москвада мекендештерине жасалма билет сатууга шектелген Кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва-Бишкек, Москва-Ош жана кайра Москвага кайтуу үчүн авиакаттамдары боюнча жасалма авиабилеттерин Москва шаарынын метросунун "Добрынинская" станциясындагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан авиакассалардан сатуу учурлары көбөйгөн.

"ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн иш-чараларынын натыйжасында 21-январында алдамчылык боюнча кылмышка шектүү адам кармалган. Ал 23 жаштагы Кыргыз жараны болуп чыкты. Ага карата Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча жабыркаган Кыргыз өлкөсүнүн 23 жаранынан арыз түшкөн. Азыркы кезде аталган факты боюнча козголгон иштин алкагында тергөө иштери жүрүүдө. Элчилик Орусиянын компетенттүү органдары менен биргеликте мындай алдамчылык иштерге тиешелүү жарандарды иликтеп, табуу боюнча, ыкчам аракеттерди көрүүдө жана ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат. Ошону менен бирге элчилик жарандарга авиабилет сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан атайын авиакассалардан алуу менен, сатып алууда тийиштүү чек-талондорду талап кылууну дагы бир ирет сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
pixduel1
2019-01-23 08:46:07
Ушул добрынинский метродо иштеген алдамчылар качан адам болосунар?! Оз мекендештеринерди алдап тоноп качан тойосунар? Билет эле эмес турушубуз жалган болуп калдыго. Озунордун дела ата-эне бир тууганынарды алдып кетсе билет эленер.Ошол арам акча кантип жуксун?...
+8
Freemankg
2019-01-23 09:38:35
Өтө туура эмес!
+1
Aza030393
2019-01-23 09:41:56
Ушул Добрынскийде бир жонокой иш чечилиши кыйын го эмнеге бара бересинер цыганский рынок болуп кеткен Москвада мен Цыганга анан Кыргызга ишене бербейм себеби копчулук чыккынчылык, саткынчылык, урушчаак, алдамчылар ушулардын колунан жакшы келет (бирок баары эле эмес жакшылары да бар редко)
+9
tynara81
2019-01-23 12:35:46
Орустун эле авиакассаларынан алгылачы билетти, баасы бирдей эле. Жашаган жериңерге жакын любой кассадан алсаңар болот го.
+1
Bahabrat79
2019-01-23 12:51:12
Интернетте авиасалес сайты ишенимдүү жана арзан. Мен 4 жылдан бери ушул сайттан аламын. Добрынинскийде отурган кассалардан 500рубльдан-1500рубльга чейин разница берет. Түшүнбөйм ушуларга. Атайын жумуштан суранып, Москванын аркы башынан келип алып кетет.
-1
FC-Abdish-ata
2019-01-23 14:23:27
Тоба, Тооба, мынча карангысынар азыр интернет онукон заман, [moderated]да же бул жерде ар нерсени коруп отурбай, керектуу маалымат, алып ан сезиминерди онуктурбойсунорбу?! Азыр оо илгерки заман беле авиакассадан сатып алган. Aviasales деген сайт бар, ошондон алсанар арзан! Мен 2012 жылдан бери ошондон эле алам без посредник и аферистерсиз Эле. Не только Россия и башка жака дагы ошол сайты колдоном!
0
Feijipiao
2019-01-23 23:04:14
Авиакассада 6 жыл иштедим ал мезгилде электронный билетке жаны оттук,адамдар электронный билет берсен коркуп алышчу эмес.Билетпи деп
0
Feijipiao
2019-01-23 23:10:59
Бул балага тан калдым,элдер жан талашып иштеп акча таап жатат чет жактарда кыйналып.Коркпой кантип колу барды жасалма билет сатканга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан