"Оскар" киносыйлыгына талапкерлердин тизмеси аныкталды

Бул жылы "Оскар" киносыйлыгына кайсы тасмалар жана актёр, актрисалар ат салышары белгилүү болду. Бул тууралуу 22-январда Америкалык кинематография илимдери жана искусство академиясы "Оскар 2019" киносыйлыгына татыктуулардын тизмесин ачыкташты.

Маалым болгондой, тасма талаасында эмгектенген ар бир адамдын кыялы болгон "Оскар" киносыйлыгын быйыл ким алары 24-февралда белгилүү болот. Биринчи ирет быйыл сыйлык тапшыруу аземи алпаруучусу жок өтөт.

"Мыкты тасма" номинациясына талапкерлер:

- "Рома", "Жашыл китеп", "Жылдыз төрөлдү", "Богемдик рапсодия", "Кара кабылан", "Бийлик", "Фаворитка", "Кара кландын кишиси" тасмалары.

"Мыкты актёр" номинациясына талапкерлер:

- Рами Малек, "Богемдик расподия"

- Кристиан Бэйл, "Бийлик"

- Вигго Мортенсен, "Жашыл китеп"

- Брэдли Купер, "Жылдыз төрөлдү"

- Уиллем Дефо, "Ван Гог. Түбөлүктүн босогосунда".

"Мыкты актриса" номинациясына талапкерлер:

- Гленн Клоуз, "Жубай"

- Леди Гага, "Жылдыз төрөлдү"

- Оливия Колман, "Фаворитка"

- Мелисса Маккарти, "Мени кечире аласыңарбы?"

- Ялица Апарисио, "Рома".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2019-01-23 12:25:02
ОАЭ футболчуларына добушум!!!
+3
bek_tash
2019-01-23 13:35:28
monster_high_98,Төө десе, эшек дейсиң го
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан