Ыңгайлуу. Коопсуз. Экологиялык. “Газпромнефть” 3 май куюучу жайдын ишин жандандырды

Эми “Газпромнефть” май куюучу жайларындагы кызмат көрсөтүүнүн тутумдарынан бир гана Бишкектеги унаа сүйүүчүлөр эмес, Нарын облусундагы Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын жашоочулары жана Токмок шаарынын тургундары да пайдалана алышат.

2019-жылдын башындагы ири реконструкциялоо иштеринен кийин “Газпромнефть” май куюучу станциялары төмөнкү даректерде жайгашып, кызмат көрсөтө баштады:

  1. №18 Май куюучу жайы, Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү 188 А.Чапаев көчөсү менен кесилишет.
  2. № 58 Май куюучу жайы, Токмок шаары Жантаев көчөсү менен Заводской көчөсүнүн кесилишинде.
  3. №70 Май куюучу жайы, Нарын облусу Кочкор району Жаңы-Жол айылы

Ыңгайлуу

Жаңы станцияларда кардарлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн май куюучу жайга кирип келе жаткан бөлүктөрдүн аймагын кеңейтип, жолдун бетиндеги төшөлгөлөр алмаштырылды.

Май куюучу түйүндөрдүн күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнөн кардарлар эң керектүү болгон товарларды, унаага керектүү буюмдарды жана тамак-аш таба алат.

Кээде узак жолго чыкканда бир гана унаага май куюп чектелбестен, сапардагыларды да тойгузуш керек. Drive Caféден сиздер дайым даамдуу тамактанып, жеткиликтүү баада ысык кофе ичип аласыз.

“Газпромнефть” май куюучу жайларынан унаага сапаттуу май куюп жана керектүү товарларды сатып алууда кошумча пайдасы менен “Сапарыбыз бир” лоялдуулук программасын дагы колдонсо болот. Анын катышуучулары май куюучу жайдан жүргүзгөн ар бир сатып алуулары үчүн бонустарды топтой алат. Топтолгон бонустардын ар бирин 1 сомдон баалап, кайра эле май куюучу жайлардын өзүнөн төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Бүгүнкү күндө 194 миңден ашуун унаа ээлери “Сапарыбыз бир” лоялдуулук картасынын ээси боло алышты. Программа тууралуу кененирээк маалыматты шилтеме аркылуу өтүп, сайттан билип алсаңыз болот.

Унаа ээлери “Газпромнефть” май куюучу станцияларынын бекер тейлөө кызматынан пайдалана алышат:

  • Wi-Fi
  • Дөңгөлөк желимдөө
  • Терезе жуучу челекке суу толтуруу
  • Маңдайкы айнектерди жана номер белгилерди жайдын күнү тазалатып алуу
  • Даараткана

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө мамиле

Жаңы форматтагы “Газпромнефть” май куюучу станциялары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын комфорт менен келип кетүүсүнө ыңгайлашкан:

  • Дүкөндөрүнө кирип келе жатканда оңой кирүүгө ыңгайлашкан
  • Дүкөндүн ичи ары-бери өткөнгө кенен
  • Муздаткыч камераларынын эшиктери жок
  • Текчелердеги товарлар жапыз жана кол сунганда жете турган жерлерде жайгашкан
  • Дааратканада атайын кармагычтары бар

Коопсуз

“Газпромнефть” май куюучу түйүндөрүнүн баары толугу менен өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп берет. Бардык станциялар өрт өчүрүү системасы жана өз алдынча коргонуучу жабдыктар менен да жабдылган.

Жаңы станцияларды реконструкциялоонун алкагында станциядагы бардык технологиялык жабдыктар алмашып, көп түрдүү май куюучу заманбап колонкалар орнотулуп, имараттар да толугу менен кайра реконструкцияланган.

Экологиялык

“Газпромнефть” май куюучу станцияларынын эң башкы артыкчылыгы жогорку сапаттагы күйүүчү майы болуп саналат. Май Орусиянын нефти иштетүүчү Омск НПЗ “Газпром нефть” ири ишканасынан түз алып келинет. Аталган заводдун продукциясы бир нече жолу “Орусиянын 100 эң мыкты товарлары” премиясынын лауреаты болгон. Омск заводунда иштелип чыккан унааларга куюлуучу күйүүчү майдын бардык түрлөрү экологиялык жактан европалык стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы ЕВРО-5 классына дал келет.

Күйүүчү майдын стандарттык түрлөрү менен катар “Газпромнефть” май куюучу станциялары ылдамдыкты сүйгөн айдоочулар үчүн G-Drive 92 жана 95 сериясындагы күйүүчү майын сунуштайт.

Бүгүнкү күндө “Газпромнефттин” ар бир бешинчи кардары G-Drive жаңы муунундагы майды тандайт. Аталган күйүүчү майдын активдүү компоненттеринин топтомунун негизинде кыймылдаткычтын май күйүүчү системасы корголуп, унаанын тез жүрүшү шартталып, кошумча ылдамдык кошулат. Күйүүчү майдын активдүү составдагы комплексинин формуласына кыймылдаткычтын иштөөсүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу тармагында дүйнөлүк эксперттер иштеп чыккан жаңы компоненттер кирет.

Чекене сатуу боюнча башкы директордун орун басары Алишер Жолчуев:

“Биз “Газпромнефть” май куюучу станцияларынын бардык жайларын модернизациялоонун алкагындагы инвестициялык программаларды ишке ашырууну улантып жатабыз. Ар бир жаңы формат аркылуу биздин май куюучу станцияларды кардарлар үчүн мындан да коопсуз, ыңгайлуу кылуу үчүн акыркы технологиялык чечимдерди ишке ашырып турмакчыбыз. Биздин автосүйүүчүлөр күйүүчү майдын мыкты сапатын тейлөөнүн жогорку деңгээли катары баалашат деп ишенем.

“Газпромнефть” май куюучу станциялар түйүнү – сапарда жүргөндөр үчүн биз көптү жасайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан