Оюндан от чыгат. Орусияда квест оюнуна барган кыздын көзү көрбөй калды

Орусияда 17 жаштагы кыз квест оюнуна катышып, көзү көрбөй калды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя Ярослав облусундагы Рыбинск шаарында болгон.

Белгилүү болгондой, кырсыкка кабылган кыз ыктыярчы болуп иштеген. Мындан улам ыктыярчы топтогулар чогулуп, квест оюнун ойноого барышкан. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар бөлмөдөн чыгуунун жолун издеп, терезенин кармагычы бар экенин байкап калган. Бөлмөдө камалып калган оюнчулар терезе аркылуу чыгышкан. Ал эми эң акыркы болуп 17 жаштагы кыз чыгып бара жатканда фейерверк атылып, бетине тийген. Фейерверк терезенин кармагычында катылган.

Окуя болгондон кийин кызга 4 саатка созулган операция жасалган. Бирок кыздын көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүү мүмкүн болгон эмес. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери болуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kattaldym
2019-01-23 11:16:41
Орустун ойногону жаман...
+1
Akshumkar
2019-01-23 11:27:25
Орус оюндагысын кылат
0
BarsBaatyr
2019-01-23 11:29:46
Орусуң эле эмес Кыргызың деле оюндагысын кылып калган заман азыр.
+9
monster_high_98
2019-01-23 11:34:36
Бишкектеги квесттер мындай кооптуу эмес
0
bond02
2019-01-23 11:38:58
Ырас болот ойной турган оюнду ойнош керек да озу.
+1
aika0906
2019-01-24 01:45:20
Квест дегени кандай болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан