УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Чүйдүн Аламүдүн районунда мыйзамсыз жер сатуу фактысынын бети ачылды. Сатылган жерлер Беш-Күңгөй айылында экенин УКМК бүгүн, 22-июлда билдирди. 2009-жылы декабрь айында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. өз чөнтөгүн ойлоп, жер комиссиясынын чечимисиз эле 13 жер тилкесин сатуу тууралуу токтом чыгарган. 2013-жылдын 12-июлунда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы айыл өкмөт башчыга карата "жер жөнүндөгү мыйзамды бузган", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө жүрүп жатат.