Бишкекте зордуктоо кылмышына шектелген жаран кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери 20-июнда 29 жаштагы Умидбек П. аттуу Ош облусунун тургунун кармашты. Бишкек ШИИБинин билдиришинче, бул жаран өлкө аймактарынан борборго жумуш издеп келген кыздарга өзүн жумуш берүүчү катары тааныштырып, кыздарды Карагач токоюна алып барып, сабап, зордуктап жана тоноп жүргөн. Буга чейин 23 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну К.Ж. милицияга кайрылып, бейтааныш бирөө "Дордой" базарындагы эжесинин контейнерине сатуучулук жумушка 15 000 сом айлык төлөп иштетерин айтып, аны Карагач токоюна алып барып, ур-токмокко алып, тоноп андан соң зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан “зордуктоо” жана “тоноо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, бул сыяктуу дагы бир арыздын негизинде иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада 29 жаштагы аталган жаран кармалып, жасаган кылмыштарын моюнга алган. Свердлов РИИБи мындай кылмыштан жабыр тарткандарга 0555 04 29 13, 0552 10 29 17, (0312) 43 28 15 телефон номерлерине же “102ге” чалууну эскертет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aidai2010
2013-07-22 11:32:05
Акмак!!! Бычып эле коюш керек...
0
nooken.kg
2013-07-22 11:39:49
Бизде бычып салууга законду кабыл албаса мындай корунуштор кундон-кунго кобойуудо. Ушул темпте кетсе кыздарды кордоп зордоп ыплас иштерин уланта берет.
0
blak.star.kg
2013-07-22 12:43:41
Адам эмес, айбан экен го? "Бир уйдун муйузу сынса, мин уйдун муйузу зыркырайт" деп ушуну айтат да. Бир акмак учун канча эркек жаман аттуу болуп жатат.
0
azi
2013-07-22 13:23:47
голубойлорго салып бериш керек ошондо корот элем абалын (Аллахтын каргышы ага)
+1
zama.kj9
2013-07-22 14:52:02
дааа брат шорун коп экен.соттолчу болсон сени ал жактан бычып койушат.ал жактын законун жакшы билесинда ээ?бир кызды зордукта это невидно.экинчисин зордукта терпимо.учунчусундо точно бычыласын.асынып олуп эле алганын жакшы брат.
0
abhaz86
2013-07-23 10:51:06
тааныбаган неме менен токойго айланганы барабы.андай айбандарды бычыган да аздык кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан