Аламүдүн районунда жол кырсыгынан улам 1 жашар бала каза болду

19-июль күнү Аламүдүн районунда жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 16:00дө Көк-Жар жана Кара-Жыгач айылдарынын ортосунда Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 43 жаштагы Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургуну жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо жогорку ылдамдыкта бара жатып 1 жашар баланы сүзүп алган. Кырсыктан жабыр тарткан бала борбордук ооруканалардын бирине жаткырылган. Дарыгерлер бардык аракетин жумшаганы менен, жаш баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
blak.star.kg
2013-07-22 11:16:41
Айдоочу астарак эле айдабаптыр да. Эмнеге шашылды экен? Шашылганы менен баарыбыз бир жерге барабыз го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан